Connect with us

Атамбаев Батукаев боюнча соттук угууга катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 836 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу соттук угуулар уланууда. Бүгүнкү отурумга да мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, алардын азыркы бийликтин көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып бара турганын айтып, соттук угууну анын катышуусу жок өткөрүүнү талап кылган.

Ошондой эле, жактоочусу Замир Жоошев судьяга соттук угууларга Атамбаевди катыштырбоо тууралуу сураныч менен кайрыла турганын кошумчалады.

Эске салсак, 11-октябрдагы угууга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Соттук угуу жабык өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилген эмес. Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишкен. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин бир топ маалыматтарды айтып бергенин билдирди. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес. Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан 14 киши шектелген. Алардын айрымдары тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан, жоопкерчилик жагы өзгөртүлгөн. Атамбаевге бул кылмыш ишинин алкагында «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM