Биз менен байланышыңыз

Азияда «Ажыдаар адам» пайда болду

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 881 | 0

Продюсер, режиссер Нурлан Мамакеев «Ажыдаар адам» тасмасын жаратты. Азиялык супер баатырдын образы чагылдырылган тасманын бет ачары 12-13-октябрда Индиянын Дели шаарында болуп өттү. Бул маалыматты «Маралга» Нурлан Мамакеев өзү билдирди.

«Тасманы Кыргызстандагы «KG CLUP Produсtion», «Тень и свет» кинокомпаниялары жана Индиянын «Amalgama FVX» компаниясы биргелешип кытай жана хинди тилдеринде тарттык. Кытайчасын кытай актерлору, хиндичесин индус актерлору ойноп беришти. Буга чейин Американын, Россиянын супер баатырлары тартылган. Эми биз дүйнөлүк тасма тармагына алгачкы жолу азиялык баатырды алып чыктык. Делидеги стадиондо өткөн эки күндүк ачылышка 20 миңден ашык адам келди. Ал эми Кыргызстанга 2020-жылдын күз айларында көрсөтүлөт», — деди Нурлан Мамакеев.

Copyright © 2017 Maral FM