Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы туризм жетекчилерин жигердүү иштөөгө чакырды

Кыска кабар | 11 Окт 2019 | 614 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт туризмди экономиканын толук кандуу тармагына айлантууга багыт алганын белгиледи.

«Бул тапшырманы аткаруу үчүн масштабдуу жумуштарды уюштуруп, уникалдуу өндүрүм сунуштоо керек, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүдө креативдүү жана стандарттык эмес ыкмаларды колдонуу абзел. Ошол эле учурда, муну менен биздин жарандардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт. Силер бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатасыңар. Бул жергиликтүү органдардын да, калктын да, бизнестин да кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет. Ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок. «Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, жайгашуусу жана көлөмү кандай болуш керек?» деген айкын түшүнүк да жок. Ошол эле учурда, жылдан-жылга туристтердин,  туризм объектилеринин саны көбөйүүдө. Системалуу иш болбой жатканы айкын. Мындай жагдайда натыйжалуу бизнес-моделдерди киргизүү менен өлкөнүн туристтик кудуретин толук кандуу колдонгонго мүмкүнчүлүк  болбойт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жалган, эскилиги жеткен, талап кылынбаган иш-чаралардын ордуна, таасир бере турган кадамдарга күч жумшоону жана жакынкы арада туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана артыкчылыктарын талкуулоо үчүн ачык аянтча уюштурууга басым жасоону сунуш кылды.

Кеңешмеде Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Copyright © 2017 Maral FM