Биз менен байланышыңыз

Байден алгачкы ирет Трампка импичмент жарыялоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 782 | 0

Америкалык саясатчы Жо Байден АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоорун айтты.

«Сөздөрү менен сотко тоскоолдук жараткан, конгресстин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан аракеттери аркылуу Трамп өзүнүн күнөөлүү экенин көрсөттү. Дүйнө алдында, жалпы Америка элинин алдында Дональд Трамп президенттик антын бузду, элин сатты. Анын жазасы – импичмент болушу керек», — деди Байден.

Жо Байден – 2020-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо демократтардан чыккан таасирдүү талапкерлердин бири.


Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)


Импичмент жарыялоо процедурасы Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маектен кийин башталган. Анда Америка лидери Зеленскийден Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү суранган.


АКШ: Ак үй Трампка импичмент жарыялоо иштерине катышуудан баш тартты

Copyright © 2017 Maral FM