Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы мектепте 27 адам торттон ууланды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 716 | 0

Өзбекстандын чыгышында жайгашкан Анжиян облусундагы мектепте 27 адам торт жеп ууланышкан. Алардын 25и окуучу, экөө чоң адам. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бир окуучунун туулган күнү болуп, анын апасы үйдөн торт жасап келген. Таттуудан ооз тийген жалпы класс ооруканага түшкөн.

Буга чейин Өзбекстанда тез татымдан уулангандардын саны 26га жеткен болчу.


Ташкентте 15 адам тез татымдан ууланды

Өзбекстанда шишкебектен уулангандардын экөө мерт болду

Copyright © 2017 Maral FM