Биз менен байланышыңыз

«Империя пиццанын» тамагына уулангандар 118ге жетти

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 271 | 0

Бишкекте «Империя пиццы» кафесинен тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына 98 адам, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 адам, Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 5 адам кайрылган.

Алардын ичинен стационарларда Темир жол ооруканасында 10 адам, Шаардык балдар ооруканасында 13 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM