Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасынын кызматкери бюджеттин эсебинен Италияга барган

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 652 | 0

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Саламатыкты сактоо министрлиги менен Эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

2017-жылдын 28-августунда Эсептөө палатасынын жана министрликтин жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Ден соолук-2» Улуттук программасынын алкагында адистерди даярдоо жана мамлекеттик сатып алууларды каржылоого бөлүнгөн каражатка, Эсептөө палатасынын башкы инспекторун  Италиянын Турин шаарына жиберген.

Жыйынтыгында мамлекеттик бюджеттен 459 829 сом өлчөмүндөгү акча негизсиз пайдаланылган.

Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүмү боюнча иш козголуп, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM