Connect with us

Өкмөт эки жарандын сабалышын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 1338 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында болуп өткөн эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.

«Ырайымсыздыгы менен таң калтырган 28-августта болуп өткөн эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок», — деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM