Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда шишкебектен уулангандардын экөө мерт болду

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 829 | 0

Наманган облусунун Чуст районунда тамакка ууланып эки киши набыт болду, дагы алтоо аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

21-октябрда Чуст районунда жергиликтүү базардын жанындагы ашканадан тамактанган отуздай киши аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жеткирилген. Алар шишкебек жегенден кийин ооруканага түшүшкөн.

Уулануу болгондон кийин базарга жакын ашканалардын баары жабылып, текшерүү жүрүп жатканы маалым болду.

Чуст райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Зайлиддин Анаркулов уулангандарга ичеги-карын иерсиниозу диагнозу коюлганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM