Биз менен байланышыңыз

Азербайжан премьер-министрин алмаштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 565 | 0

Азербайжандын премьер-министри кызматына Али Асадов дайындалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин ал президенттин жардамчысы болчу.

Белгилей кетсек, Азербайжандын премьер-министри кызматын 2018-жылдын апрель айынан бери аркалап келаткан Новруз Мамедов президент Илхам Алиевге отставкасын кабыл алуусун өтүнүп кайрылган. Ал мунун себебин пенсияга кетүү ниети бар экени менен түшүндүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM