Биз менен байланышыңыз

9-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 746 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 6….11… күндүз: 17…..22°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 2….7….күндүз: 14…..19°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 8…..13….күндүз: 18…..23°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 12……17°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 12…..17°C;

9-октябрда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 20……22°C, түнкүсүн 8..… 10°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM