Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 9-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 6….11… күндүз: 17…..22°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 2….7….күндүз: 14…..19°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 8…..13….күндүз: 18…..23°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 3…..8….күндүз: 12……17°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 12…..17°C;
9-октябрда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 20……22°C, түнкүсүн 8..… 10°C.