Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык Азизбек Ашуровго БУУнун Нансен сыйлыгы тапшырылды

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 628 | 0

Кыргызстандын жараны Азизбек Ашуров укук коргоочулук жаатында дүйнөдөгү эң абройлуу Нансен сыйлыгын алды. Ашуровго бул сыйлык Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Аткаруу Комитетинин 70-сессиясынын алкагында өткөн чоң аземде тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Нансен сыйлыгын ыйгаруу комитети Ашуровдун ишмердүүлүгүн жана жарансыздыктан арылуу боюнча ал негиздеген «Юристы Ферганской долины без границ» уюмунун ишин жогору баалады. Мындай жыйынтыктарга жетишүү мамлекет менен жарандык коомдун тыгыз кызматташуусунун нагыз үлгүсү болуп саналары баса белгиленди.

Өз кезегинде Ашуров эмгегинин бааланышына ыраазычылык айтып, бул сыйлык өлкөдөгү жалпы укук коргоо тармагынын, мамлекеттин сыйлыгы экенин билдирди.

БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссары Филиппо Гранди Кыргызстандын жарандык берүүнү камсыз кылган мамлекеттик органдарынын ишин алкоого татырлык деп белгиледи. Буга байланыштуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго ыраазычылык билдирилди.

Нансен сыйлыгы — качкындардын укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктер үчүн жыл сайын ыйгарылуучу эл аралык абройлуу сыйлык. Бул премия норвегиялык полярдык изилдөөчү, Качкындар боюнча улуттар лигасынын Башкы Комиссары, дуйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты Фритбоф Нансендин урматына аталган. Сыйлык 1954-жылы уюшулуп, биринчи жолу 1995-жылы тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM