Биз менен байланышыңыз

Сириялык качкындардын абалы: Балдар суукта тоңуп өлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Фев 2020 | 751 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Идлибдеги бийлик аскерлеринин чабуулунан качып, жан соогалаган сириялыктардын абалы боюнча билдирүү жасады. Куралдуу конфликттин айынан өз турагын таштап качкан жарандар азыркы ызгаардуу аба-ырайы учурунда чатырларда уктоого мажбур болууда.

Маалыматка караганда, качкындардын 80 пайыздан ашыгы – аялдар менен балдар. Качкындарды кабыл алган лагерлер толуп калгандыгына байланыштуу адамдар көчөдө ызгаар суукта уктап жатышат. Энелер балдарын жылытыш үчүн пластиктерди жагышып, сууктан тоңуп өлбөөнүн аракетин кылышууда. Ымыркайлар менен жаш балдар ага болбой, суукка кайыгып өлүшүүдө. Ага кошумча, жаш балдар пластик буюмдарынан чыккан уулуу газдарга ууланып каза болууда. Жакпай коёюн десе күн суук, айласыздан балдарын сууктан коргоо үчүн энелер пластикалык буюмдарды жагып, чатырларды жылытууда. Бирок, андан чыккан уулуу заттын да зыяны тийбей жаткан жок.

БУУнун маалыматына караганда Асадга тиешелүү сириялык өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан кийин 2019-жылдын декабрь айынан бери 900 миң адам үй-жайларын таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болушкан. Булардын бардыгы тең Сириянын түндүк-батыш жагындагы согуш оту алоолонгон аймактардан качып чыккандар. Акыркы төрт күндүн ичинде эле Идлибден качкандардын саны 40 миңге жеткен.

Жагдай ушундай таризде улана берсе, жакында Идлибдеги согуштан улам качкындардын агымы Европага жетпей койбойт. Жаңы миграциялык кризис Европадагы 2015-2016-жылдары байкалган популисттик ксенофобияны, тактап айтканда, бейтааныштарга карата коркуу жана кастык сезимин кайталашы толук мүмкүн.

Идлиб районундагы “оюндун” башында турган Орусия менен Түркия муну, албетте, түшүнбөй койбойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда бир нече аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды.


Идлибдеги жагдай Орусия менен Түркиянын мамилесин солгундатабы?


Сирия президенти Башар Асад чабуулун уланта берүү ниетинен кайтпайт

Түркиянын аскердик аракеттерди токтотуу боюнча койгон талабына карабай, Башар Асад козголоңчулардын позицияларына чабуулун уланта берүү ниетин билдирди. Ал бул тууралуу: “Бул алардын толук талкаланышынын башаты”, — деп элге болгон телекайрылуусунда айтты. Ошондой эле ал ислам согушчандарынын жана алардын кошуундарынын акыркы таянычы болгон Идлибдеги оппозициянын үстүнөн болгон өкмөттүк аскерлердин жеңиши тууралуу айтып өттү.

Түрк өкмөтүнүн өкүлдөрү Москва шаарында 17-февралда өткөн сүйлөшүүлөрдө согушту токтотууну талап кылышкан. Анкара Идлибеги айрым көтөрүлүшчүл күчтөрдү колдоп келсе, тескерисинче, Москва менен Тегеран Башар Асаддын союздаштары болуп эсептелишет.

Буга чейин, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Сирия бийлиги февралдын аягына чейин Идлибдеги деэскалация аймагынан аскерлерин чыгарып кетсин деген ультиматум койгон. Бирок, Башар Асаддын бул талапты аткаруу ниети жок.

19-февралда Эрдоган расмий Дамаск Сочи келишимин аткарып, Идлибдеги чыңалууну токтотуп, бул аймактан чыгып кетерине саналуу гана күндөр калганын айтты. Ошондой эле, бул акыркы эскертүү экенин белгилеп, талаптар аткарылбаса Түркия каалаган учурунда чабуулга өтөрүн эскертти.

Эрдогандын айтымында, Идлибдеги кагылышты токтотуу үчүн буга чейин болгон Орусия-Түркия маеги натыйжалуу болгон эмес. Ошентсе да, сүйлөшүүлөр уланарын кошумчалады.

Түркия лидери Сирия бийлигинин качкындардын көбөйүүсүн шарттап, дайыма жай тургундарга өлүм алып келген Идлибдеги чабуулдарын колдогондугу үчүн Орусия менен Иранды күнөөлөп келет.

Ал эми Кремлдин өкүлдөрү, Сирия аскерлеринин Идлибдеги соккулары жай жарандарга эмес, террористтерге, алардын аракетин токтотууга багытталып жатканын айтып, жооп кылууда.

Copyright © 2017 Maral FM