Биз менен байланышыңыз

Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Ноя 2020 | 607 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Демилге Түркия тараптан болгонун Орусия президентинин расмий сайты жазды.

Сүйлөшүү учурунда Путин Эрдоганга Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Армения премьер-министри Никол Пашинян менен болгон 3 тараптуу келишим боюнча маалымат берген.

Эрдоган Орусия тараптын Тоолуу Карабахтагы чыр-чатакты жөнгө салууда кошкон салымына жогору баа бергени айтылат.

Кошумчалай кетсек, 9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусиянын башчыларынын сүйлөшүүсүндө мунасага келүү чечими кабыл алынган. Натыйжада Тоолуу Карабахтагы согушту токтотуу келишимине кол коюлган.

Арменияга митинг, Азербайжанга майрам тартуулаган келишим

Copyright © 2017 Maral FM