Биз менен байланышыңыз

Качкындарды колдоо үчүн 7,7 млрд доллар бөлүнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 517 | 0

Качкындарды колдоо үчүн донорлор тарабынан 7,7 миллиард доллар бөлүнөт. Мындай чечим Женева шаарында өткөн Дүйнөлүк качкындар форумунда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк 4,7 миллиард доллар, Эл аралык америка банкы 1 миллиард доллар, андан сырткары качкындар маселесинин чечилишине кызыктар тараптар 2 миллиард доллар бөлгөн.

Бул каражаттар качкындарды турак-жай, тамак-аш менен камсыздап, медициналык жардам көрсөтүүгө жумшалмакчы.

Жыйында айтылган соңку маалыматты алсак, учурда дүйнөдө 25,9 миллиондон ашык качкын бар. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги билдиргендей, былтыр дүйнө жүзүндө куралдуу согуш, куугунтук же башка зомбулуктан жер которууга аргасыз болгондордун саны 70 миллиондон ашкан. Алардын көпчүлүгү чет өлкөгө жан сактай качкан.

Тарыхта алгач ирет качкындар маселеси боюнча Дүйнөлүк форум 17-18-декабрь күндөрү Женева шаарында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM