Биз менен байланышыңыз

БУУдан Идлибдеги абал боюнча брифинг өткөрүүнү талап кылышууда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 535 | 0

АКШ, Франция жана Улуу Британия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен Сириянын түндүк-батыш аймагындагы абал боюнча брифинг  өткөрүүнү суранышты. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, жыйын 6-февралда өтүшү мүмкүн.

Январь айынын башында Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб аймагында ок атууну токтотуу режими киргизилген. Бирок, Анкара Дамаск келишимди бузганын айтып, сириялыктардын аракеттерин айыптап чыкты. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Идлибге болгон чабуул токтобосо, өлкөдөн чыккан качкындардын саны миллионго жетиши мүмкүн экендигин эскертти.


Сириянын Саракиб шаары үчүн айыгышкан кармаш башталды


БУУнун маалыматына караганда, соңку 2 айда Идлиб провинциясындагы согуштан качкан качкындардын саны жарым миллиондон ашкан. Тактап айтканда, 1-декабрдан бери 520 миңдей адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 80 пайыздан ашыгы – аялдар менен балдар.

Идлиб – көптөгөн экстремисттик топтор жана оппозициянын куралданган тарапташтары согуштук аракеттерди жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат.


Сирияда чет элдик журналисттер жабыркады

Copyright © 2017 Maral FM