Биз менен байланышыңыз

Сириянын Саракиб шаары үчүн айыгышкан кармаш башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 534 | 0

Түркия мамлекети “Жебхат ан-Нусра” терррордук тобунун ишмердүүлүгүнө көмөкчүлүк кылган. Бул тууралуу Алеппонун тегерегинде колго түшкөн согушчандардын сириялык аскерлерге сурак берген маалыматына таянып, ТАСС жазып чыкты. Алардын айтымында, Түркия жогоруда аты аталган террордук уюмду каржы, курал жана адам ресурсу менен туруктуу камсыз кылып турган.

Эскерте кетсек, сириялык аскерлер 28-январда Маарет-эн-Нууман шаарын “Жебхат ан-Нусра” согушчандарынан бошткондон кийин учурда Саракиб шаарына үч багытта — түштүк, чыгыш жана батыш бөлүгүнөн жакындап келе жатышат. Бул шаар стратегиялык мааниге ээ болуп, Латакия – Алеппо жана Дамаск – Алеппо автострадаларынын кесилишинде орун алган. Сирия бийлиги өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүн Саракибге орноткондо Идлиб провинциясындагы куралданган согушчан топторду ыкчам талкалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт деп эсептейт.

Al Arabiya телеканалынын маалыматына караганда, сириялыктардын мындай ыкчам аракетине нааразы болгон Түркия тарап арасында бронемашиналар жана танкалары бар 195 аскердик техника жана ок-дары жүктөлгөн унаалары менен дем алыш күнү Сириянын чек арасын кесип өттү. Кечээ күнү Идлиб провинциясына түрктөрдүн дагы бир аскердик колоннасы келип түшкөн.

Түркиялык авиация жана артиллерия дүйшөмбү күнү Идлибдеги сириялык 54 объектиге сокку урган. Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акаранын айтымында 76 сириялык аскер жок кылынган. Буга жооп кылып Сирия тарап Саракибдин тегерегиндеги түркиялык позицияларды аткылашкан. Мунун натыйжасында беш түрк аскери жана жарандык персоналдан үч адам жан таслим болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM