Биз менен байланышыңыз

Сирияда чет элдик журналисттер жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 718 | 0

Сирия араб армиясынын (САА) чабуулдарын чагылдырып жүргөн бир нече журналист жабыркады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, медиа кызматкерлери Сириянын түндүк-батышындагы Алеппо провинциясында кесиптик милдетин аткарып жүрүшкөн. Журналисттер Эль-Караси районундагы САА чабуулунда жаракат алышкан.

РИА Новости жазганына караганда, Ирандын араб тилдүү телеканалынын 2 оператору жарадар болгон. Ошондой эле, сириялык Sama телеканалынын тартуучу тобунун мүчөлөрү жабыркаган.

Учурда жарадар болгондордун абалы тууралуу айтыла элек.

Маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү САА 35 аймактык пунктту өз көзөмөлүнө алган, анын ичинде маанилүү точкалар да бар.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын март айында башталган. Конфликттин башкы катышуучулары – Башар Асадды колдогон бийлик күчү жана оппозиция. Оппозицияны АКШ менен Европа өлкөлөрү колдосо, Орусия Асаддын бийлигине көмөктөшүп келет.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы Сириядагы согушту чагылдыруу учурунда жалпы 9 медиа кызматкери каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM