Биз менен байланышыңыз

Министр Айдарбеков Коопсуздук саясаты боюнча Женева борборунда сөз сүйлөдү

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 522 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 7-октябрда Жарансыздык маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку деңгээлдеги жыйыны катары саналган Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борборунун (GCSP) конокторунун жана угуучуларынын алдында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык тармактардагы кызматташуусу, региондогу коопсуздук деңгээлин сактоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн деңгээли сыяктуу маселелерге токтолду.

Мындан тышкары, интеграциялык процесстер, тактап айтканда, Евразиялык Экономикалык Биримдиги, Шанхай Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Арал деңизин куткаруу боюнча эл аралык фонду сыяктуу уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргызстандын бир катар регионалдык түзүмдөрдөгү төрагалыгына көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, Женеванын коопсуздук саясаты боюнча борбору (GCSP) 1995-жылы негизделген эл аралык фонд болуп эсептелет. Уюмдун негизги максаты кадрларды даярдоо жана илимий изилдөөлөр аркылуу тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо жана жакшыртуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM