Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери менен жолугушту

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 409 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Жээнбеков Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ишмердиги жана «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» фонддорунун кайрымдуулук ишмердигине оң баа берип, Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарчанын ачылышын канааттануу менен белгиледи.

Марзук Али Аль-Ганем мамлекет башчыга жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүнө токтолуп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM