Биз менен байланышыңыз

Кесиптик кошуундар эмнеге нааразычылык билдирип жатышат?

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 677 | 0

Бүгүн 7-октябрда Бишкекте Кесиптик кошуундар нааразычылык акциясына чыгышты. Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Кесиптик кошуундар” боюнча мыйзам долбооруна каршылык билдиришкен 150дөй адам Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдына топтолушту.
Нааразычылык билдиргендер, эгер мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өз алдынчылыгы жоюлуп, бир катар тоскоолдуктар жараларын белгилешет.
Мыйзамга ылайык, кесиптик кошуун — жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме.
Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

Copyright © 2017 Maral FM