Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Сириядан дагы 575 жаранын алып келет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 576 | 0

Тажикстандын бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалып турган тажик аялдар менен балдарды мекенине кайтарууга даярданып жатат. Болжол менен алардын 90нун аялдар, 200дөн ашыгын жаш балдар түзөт.

Быйыл жазында Тажикстан Ирактагы согуш талааларында курман болгон жарандарынын 84 баласын мекенине алып келген болчу.

Тажикстандын маалыматына ылайык, 2014-жылдан бери 1900 жаран Ирак жана Сирия аймактарындагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен.


Тажикстан Ирактагы лагерь жана түрмөлөрдө жаткан 84 баланы алып келди


Орто Азия боюнча алсак:

  • Өзбекстан май айында Сириядан 156 жаранын алып келген. Дагы Ирак жана Сириядан 235 жаранын алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.
  • Казакстан Сириядан 231 жаранын көчүрүп келгенин маалымдаган.
  • Ал эми Кыргызстан азырынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM