Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Ирактагы лагерь жана түрмөлөрдө жаткан 84 баланы алып келди

Дүйнө | 2 мая 2019 | 979 | 0

30-апрелге караган түнү Тажикстандын бийлиги Ирактагы тажик согушкерлеринин балдарын Дүйшөмбү шаарына алып келди. Бул тууралуу  Asia-plus маалымат агенттиги жазды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 84 бала Ирактагы лагерь жана түрмөлөрдөн атайын операциянын негизинде алынып келинди. Алардын баары террористтик уюмдарга кошулуп кеткен тажик жарандарынын балдары.

Фото: Asia-Plus

Балдарды Ирактын FlyErbil авиакомпаниясына тийиштүү учак менен алып келишти. Алардын айрымдары ата-энеси менен Тажикстандан Иракка баргандар. Калгандары болсо Иракта төрөлгөндөр. Көпчүлүгүнүн аталары өлтүрүлгөн болсо, апалары террористтерге көмөк көрсөттү деген негизде Ирактын түрмөлөрүндө камалып жатат.

Фото: Asia-Plus

Тажик жарандарын Ирактан алып келүү операциясынын жүрүшүндө Ирактагы лагерь жана түрмөлөрдө жалпы 43 аял жана 95 бала бар экени аныкталган. Учурда балдардын 84ү алынып келинди. Ал эми калган 11 баланы да өз Мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат ,- деп жазат Тажикстандын ТИМнин сайтында.

Балдарды аба майдандан жакын туугандары, чоң ата, чоң апалары тосуп алышкан.

Фото: Asia-Plus
Фото: Asia-Plus
Фото: Asia-Plus
Фото: Asia-Plus
Фото: Asia-Plus

Буга чейин Тажикстандын жалпы 1900 жараны «ИШИМ» террордук тобуна кошулганы айтылган. Жакынкы Чыгыштагы согушта 500дөй тажик жараны каза болгон.

Маалым болгондой Кыргызстандан да 500дөн ашык жаран Сирия жана Ирактагы террордук кыймылга кошулуу үчүн кеткени айтылып келет. Жакында эле «Марал» радиосу аркылуу Сириядагы лагерлерде оор шартта кармалып турган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү боюнча алардын жакындары президентке кайрылуу жолдошкон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM