Биз менен байланышыңыз

Чек арадан мыйзамсыз өткөн эки тажик жараны 1 айга камакка алынды

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 712 | 0

Баткендин райондук соту мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын эки жаранын 1 айга камакка алды. Бул кабарды Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Тажикстандын 2 жараны Баткен районунун Достук айылына кирип келип аткезчилик аракеттерди жүргүзүп жаткан жеринен 3-майда милиция тарабынан колго түшкөн.

Алар коронавирус илдетине карата текшерүүгө алынып, анализдери таза чыккан. Баткен райондук соту тажик жарандарынын баш коргоо чарасын карап, 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоо жайына камакка алуу чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM