Биз менен байланышыңыз

Баткендеги шахталарда газга ууланып, 6 киши каза болду

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 597 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн «Боз» тилкесинде жайгашкан шахтада газга ууланып үч киши каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 6-октябрь күнү болгон. Кырсык болгон жерге барган ӨКМдин 9 куткаруучусу барып, мерт болгондордун сөөгүн шахтанын түбүнөн чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Ал эми 5-октябрда, Баткен облусунун Cүлүктү шаарында «Абдукахар кен» шахтасында газга ууланып, үч бир тууган каза болгон деген маалымат тарады. Аны ӨКМ тастыктады.

Copyright © 2017 Maral FM