Биз менен байланышыңыз

Ошто жаңы «Ак-Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Окт 2019 | 994 | 0

Кечээ, 5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата жаңыдан негизделип курулган «Ак Ниет» сейил багы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Сейил бактын расмий ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкмөт башчы Абылгазиев шаар тургундарын Ош шаарынын күнү жана жаңы сейил бактын ачылышы менен куттуктап, биримдик, ынтымак каалады.

«Бардыгыңыздарды үч миң жылдык тарыхы, бай маданияты жана өзгөчө чөйрөсү бар Ош шаарынын күнү менен куттуктайм. Акыркы мезгилде шаарда заводдор жана фабрикалар, башка өндүрүштүк объекттер курулуп жатат. Шаар өзүнүн тургундары үчүн идеалдуу болуп, анда ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек: бала бакча, мектеп, эс алуу парктарынын саны көп болушу абзел. Оштун гүлдөп-өсүүсү, бай тарыхтуу шаардын экономикасынын кубаттуулугу жана өнүгүүсү мамлекет үчүн маанилүү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Сейил бакта шаардыктар үчүн концерттик программа да тартууланды.

Copyright © 2017 Maral FM