Биз менен байланышыңыз

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына толук метраждуу даректүү тасма тартылууда

Кыска кабар | 6 Окт 2019 | 643 | 0

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин жүз жылдык маарекесине арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйында айтылды.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү коомдук ишмердин 100 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу иштери жүрүп жатат, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

«Бүгүнкү күнү бир катар маданий, илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, сынактар өткөрүлүп, биографиялык басылмалар даярдалып жатат. Жыл башынан бери республика боюнча ачык сабактар, класстык сааттар, илимий-практикалык конференциялар жана музейдик көргөзмөлөрдү өткөрүү уланууда. Мындан тышкары жүз жылдык маарекеге арналган толук метраждуу даректүү тасма тартылууда», — деп билдирди министр Жаманкулов.

Copyright © 2017 Maral FM