Биз менен байланышыңыз

Абдысадыр Турусбековдун сүрөт көргөзмөсү ачылды [сүрөт]

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 646 | 0

 Бүгүн 4-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Абдысадыр Турусбековдун өздүк сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана белгилүү сүрөтчүлөр, сүрөт искусствосуна кызыккан көрүүчүлөр катышты.

Көргөзмө 20-октябрга чейин уланат.

Абдусадыр Турусбеков — 1997-жылдан бери Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын сүрөт тартуудагы эң негизги ыкмасы кайталангыс көркөм дүйнөнү Чыгыш менен Батыштын айкалышкан дүйнө таанымы аркылуу чагылдырып берүү болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM