Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Мугалимдик кесип –бул чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 404 | 0

«Бүгүн дүйнө глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдында турганда жашоонун бардык чөйрөлөрүндө мугалимдин ролу артты. Дүйнөлүк экономиканын көйгөйлөрү, кризистер, келишпестиктер жана санкциялар, планетанын жаратылыш ресурстарын керектөө жана рационалдуу пайдалануу балансынын бузулуусу, жумушсуздук жана жакырчылык – бул карама-каршылыктардын баары бүгүн дүйнөлүк коомчулуктун мындан ары карай өнүгүүсү үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Анткени, дал ушул мектептерде адамдын интеллектуалдык негизи калыптанат, ал инсан катары калыптанып, өз элине жана коомго пайдалуу болууну шарттайт», — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада.

Премьер-министр ошондой эле Ысак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Аман Сманбаев, Бектур Исаков, Антонина Зырянова, Семила Абдрахманова, Татьяна Першина сыяктуу ата мекендик билим берүү тутумун өнүктүрүүгө зор салым кошкон мугалимдерди атап өттү.

Мындан сырткары, ал билимге умтулуу менен бакубат жашоого жана өнүгүүгө жетүүгө ишенимин билдирип, билим берүү тармагындагы бардык ардагерлерге, учурда эмгектенип жаткан педагогдорго ыраазычылыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM