Биз менен байланышыңыз

Жумабеков грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону Муртазалиевге саат белек кылды

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 424 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков грепплинг боюнча дүйнө чемпиону Абдрахман Муртазалиевди энчилүү саат менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Дастанбек Жумабеков спортчулардын талыкпаган эмгегинин арты менен эл аралык деңгээлдеги таймаштарда жана дүйнөлүк чемпионаттарда Кыргызстандын желеги бийикте желбиреп жатканына токтолду. Ошондой эле төрага акыркы учурларда жаштар спортко өзгөчө көңүл буруп, мамлекет да аймактарды жаңы спорттук комплекстер менен камсыздоону колго алганын белгиледи.

Белгилей кетсек, кичинекейинен спортко кызыккан Абдрахман Муртазалиев бир тууганы менен бирге «Kyrgyzstan Top Team» академиясында машыгып келет.

Жолугушуунун алкагында Дастанбек Жумабеков спортчуга ийгиликтерди каалап, мындан ары да жеңиштерди багынта беришин тиледи.

Copyright © 2017 Maral FM