Биз менен байланышыңыз

Чүйдөгү чокуга Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 461 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күнү уюштуруу комитети тарабынан иш-чаралар планын ишке ашыруу жүрүп жатканын, ал бир катар инфратүзүмдөрдү жана социалдык объекттерди реконструкциялоо жана курууну камтыган 18 пункттан турарын айтты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө сактоо максатында Чүй облусундагы чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу маселеси иштелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM