Connect with us

Бөрүбашев: Курултай институту мамлекеттик бийлик болбошу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2019 | 595 | 0

Курултай институту эч качан мамлекеттик бийлик болбошу керек. Ал мамлекеттик бийликти тескеген коомдук көзөмөл органы болушу кажет. Бул тууралуу саясат талдоочу, юрист Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайды бийлик да, оппозиция да өз талаптарын алып чыгууда курал катары пайдаланып жүрөт. Жогорку Кеңеш курултайды мамлекеттик бийликтин бутагы катары карабайт.

«Курултай жөнүндө маселе саясий, коомдук мамилелердин негизги өзөктөрүнүн бирине айланды. Курултайга байланыштуу саясий мамилелерди жөнгө салуу үчүн мыйзам керек. Азыркы бийлик курултайды көзөмөл кылдырбайт, анткени, мүмкүнчүлүгү чоң. Бийликтин баары курултайга берилсе, ал жердеги Кудай болуп калат. Курултай тууралуу мыйзамды кабыл алганда шайлоо системасын толук карап чыгышыбыз керек», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM