Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Курултайдын макамын тактоо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2019 | 523 | 0

Курултай — парламентаризмдин булагы. Бул тууралуу саясат талдоочу, юрист Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултай эл бийлигин бекем орнотуу үчүн керек. Эгерде өкүлчүлүк органдар (парламент, президент, өкмөт, жергиликтүү кеңештер) жакшы иштеп, элдин талабына жооп берсе, курултайдын кереги жок болмок.

«Курултай бир беренеде мамлекеттин үстүндө турган орган, башка беренеде элдин арызын уккан орган болуп жатат. Мындан улам биринчи кезекте курултайдын макамын тактоо зарыл. Мыйзамдагы эң чоң маселе — ушул. Бирок биз кааласак да, курултай мамлекеттик бийликтин макамын ала албайт. Анткени, анын негизги максаты адамдардын укугун сактоо, мындан улам коомдук институт болуп калат. Иманалиев баш болуп иштеп жаткандар курултайды мамлекеттик же коомдук саясий бийликтин астына коюп коюшкан. Бийлик өзүнө керек болгондо курултай өткөрөт, кол жоолуктай пайдаланылып калат. Ал механизмдердин баары курултай жөнүндө мыйзам долбооруна кирип калган. Маселени кабыргасынан коюп, жумушчу топтун мүчөлөрүнөн сурашыбыз керек», — дейт Бөрүбашев.

Ал ата-бабалар да курултай өткөрүп, коомдук, чарбалык иштердеги маселелерди чечип келгенин эске салды.

Белгилей кетсек, курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM