Биз менен байланышыңыз

Нааразычылык акциясынан улам Иракта коменданттык саат киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 494 | 0

Бүгүн таңкы бештен баштап Ирактын борбору Багдад шаарына коменданттык саат киргизилди. Буйрукка өлкөнүн премьер-министри Адель Абд аль-Махди кол койду.

Ага ылайык, көчөлөрдө, коомдук жайларда кандай максатта болбосун, акция уюштурууга тыюу салынат.

Нааразычылык акциялары 1-октябрда башталган. Демонстранттар Ирактын борборундагы эл аралык аэропротко кирүүгө аракет кылышкандыктан коопсуздук кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонуп кууп чыгышкан.

Багдадда башталган нааразычылык толкуну башка аймактарга да жайылган. Демонстранттар: жашоо шартын жакшыртуу, калктын саламаттыгына, билимге, эмгек жаатына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жана жемкордук менен күрөшүүнү талап кылышууда.

Тынымсыз уланган акцияда 5 киши каза болуп, 200дөй киши ар кандай жаракат алганын жергиликтүү маалымат булактары жазышууда. Ошондой эле, Facebook, WhatsApp сыяктуу социалдык тармактарга да чектөө киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM