Connect with us

Трамптын атаандашы Берни Сандерс ооруканага түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 478 | 0

АКШда өтүүчү 2020-жылдагы президенттик шайлоого аттанган сенатор Берни Сандерс артериясы буулуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу «The New York Times» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Сандерс конференцияга катышуу үчүн Лас-Вегаска келген. Ал жерден акыбалы начарлап, ооруканага жеткиришкен. Жардамчылары учурда саясатчынын абалы жакшырып калганын билдиришти. Ошондой эле үгүттөө иштери убактылуу артка жылдырылды.

78 жаштагы Берни Сандерс – 2020-жылы АКШда өтүүчү президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин эң улуусу. Сандерс буга чейин 2016-жылдагы шайлоого катышып, партия ичиндеги талапкерлер жарышында Хиллари Клинтондон артта калган.

Copyright © 2017 Maral FM