Биз менен байланышыңыз

Ыдырыс Исаков боюнча мурда токтотулган иш кайра жандандырылды

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 852 | 0

30-сентябрда Ош шаарынын тургуну К.С. кайрадан «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаков тарабынан ири суммадагы акча талап кылгандыгы боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылып, күбө катары 2 жаранды ээрчитип келди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

«Ы. И. менин офисиме келип, «мага 5 миң доллар бербесең, интернетке чыгарам. Болбосо «Лексус» машинаңды бересиң», — деп опузалады. Көңүлүмдөн чыгарып, 100 миң берейин деген сунушуму четке кагып, интернетке жарыялады«, — деген мазмундагы маалыматтарды көрсөткөн.

Аталган арыз боюнча мурда токтотулган иш кайра жандандырылды. Анткени, К. С.нын ушул жылдын 4-апрелде катталган ушундай эле мазмундагы арызы далилдердин жетишсиздигинен кыскартылган болчу.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан 28-сентябрдагы «Азаттык» радиосунун кызматкерлери боюнча катталган арыздардын үстүнөн иликтөө иштери уланууда.

Ал эми «Азаттык» радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков бул арызды каралоо катары баалап, мындай кадамдын күтүлүп жатканын өзүнүн «Фейсбук» баракчасына билдирди.

«Кечээ «Ыдырыс Исаков менден 5 миң доллар сурады» деп бир жигит маалымат таратты. Ал бала милициянын полковниги экенин унутуп, каралардын анабашы Кадыр (Женго) Досоновго өкүл бала болуп алган ишкер Жалил Атамбаевдин колунда иштейт. Ошондуктан ал баланын абалын да жакшы түшүнөм. Шефи: «Арыз жаз. Кайдан болсо да бирдемени ойлоп тап! «Ии, Ыдырыс акча сурады» деп жаз. «Алдамчы» деп жаз!» -деп артында матап турса, кантип баш тартат?» — деп жазган Ыдырыс Исаков.

Ошондой эле Ыдырыс Исаков коррупция менен күрөшүн уланта бере турганын айтып, бир нече талаптарын койгон:

  • Жалил Атамбаев салыгын таза төлөсүн;
  • Раим Матраимов тосуп алган жолду ачсын;
  • Балдардын жерин Матраимовго берип койгон мэр жазалансын;
  • Жалил Атамбаевдин салыгын, ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөндүн ордуна калкалап, крыша болуп алган чиновниктердин бети ачылсын. Жоопкерчиликке тартылсын;
  • Милиция байды мактап, элди алдап оокат кылганын койсун;
  • Милиция ууруларга адвокат болбой, элге кызмат кылсын. Мамлекетке кызмат кылсын!

Copyright © 2017 Maral FM