Биз менен байланышыңыз

Боронов: Өкмөт кен иштетүүчү ишканаларды өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 376 | 0

Өкмөт кен иштетүүчү объекттердин ишмердүүлүгүн ар дайым өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Муну менен бирге биз экономиканын ар кыл тармактарына өз каражаттарын салууну каалаган инвесторлорду колдошубуз керек. Мамлекет жана инвестор каршылаш же атаандаш эмес, өнөктөш болууга тийиш. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Кемин районундагы Талды-Булак Левобережный кенинде өткөн көчмө жыйынында билдирди.

Кубатбек Боронов баса көрсөткөндөй, Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» ортосундагы Стратегиялык келишимдин алкагында Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн. «Алтынкен» ЖЧКсы бул өңдүү фонддорду түзүүнү колдоп жатат. Аталган ишкана райондун инфратүзүмдүк базасын, медицинасын жакшыртууга, курулуш иштерине дээрлик 2 млн доллар которгон.

Ошондой эле Кубатбек Боронов учурда алтын концентратын ташуу маселесин чечүү боюнча иштер жүрүп, концентраттын курамын аныктоо боюнча лабораториянын ишин жандандыруу маселеси иштелип жатканын билдирди.

Кошумчалай кетсек, «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген компаниясы 2006-жылы катталган. Аталган коомдун 60% үлүшүнө кытайлык «Суперб Пасифик Лимитед» гонконг компаниясы ээлик кылат. Анын башкы компаниясы кытайлык «Цзыцзинь Майнинг» кен корпорациясы болуп саналат. Экинчи катышуучусу ишкананын уставдык капиталында 40% үлүшү бар «Кыргызалтын» ААКсы. 2018-жылы кенде 3226 кг алтын өндүрүлгөн. 2019-жылы 3800 кг алтын өндүрүү пландалууда. Дүң киреше 12 млрд сомду түзөт. Ошол эле учурда салыктык түшүүлөр 13 млрд сомду түзөрү пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM