Биз менен байланышыңыз

«Чалдыбарда» УКМК кызматкерлери катышкан окуя боюнча үч шектүү кармалды

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 571 | 0

Чүйдүн Казакстан менен чектеш «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бейбаштык боюнча үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы кагылышуу боюнча «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Чалдыбар айылынын 23, 26 жана 29 жаштагы үч тургуну кармалган. Аларды 2 айга камакка алуу боюнча соттун чечими чыкты. Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш улантылууда», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 28-сентябрда Казакстан менен чектеш «Чалдыбар унаажолу» көзөмөл-өткөрмө жайында УКМК кызматкерлери ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда, аларды жергиликтүү тургундар сабаган. Бул кагылышууну токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM