Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров майып кыздарга сыйлык берди

Кыска кабар | 2 Окт 2019 | 493 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Назик кыз» коомдук бирикмесинин төрайымы Үкөй Мураталиевага «Социалдык коргоонун отличниги» төш белгисин,  «Love-Live» коомдук бирикмесинин жетекчиси Айнура Телеушевага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министр таланттуу кыздарды Финляндияда өткөн «Finnish Wheelchair dance sport» арабадагы бал бийи боюнча сынакка татыктуу катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, сынактын «Фристайл» категориясында катышкан Айнура Телеушева күмүш медалга ээ болсо, Үкөй Мураталиева 6-орунга жеткен.

Ошондой эле, Айнура Телеушева 14-15-сентябрда Орусиянын Челябинск шаарында майып аялдар арасында өткөн «Рожденная побеждать» кароо-сынагында Кыргызстандын атынан чыкты. Аталган сынакка беш өлкөдөн: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Украина жана Орусия Федерациясынан өкүлдөр катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM