Биз менен байланышыңыз

УКМК пара алган Бишкек мэриясынын кызматкерин кармап камакка алды

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 457 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Бишкек мэриясынын бөлүм кызматкерлери жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А. Н. коомдук фонддордун биринин мүчөлөрүнүн ишенимине кирип, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Калыс-Ордо конушунан 7,2 га участокту жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү максатында 2 млн сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

Ошондой эле бөлүм башчы А.Н. өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен расмий документтерди жана Бишкек шаардык мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жасалма колун коюп, ошондой эле, бул жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билип туруп, жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаган.

Бул факт боюнча Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы А.Н. жана С.А. аттуу жараны УКМК Тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM