Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту болот

Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 398 | 0

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланат. Бул тууралуу партиянын штабынан билдиришкен.

Эске сала кетсек, жаңы жагдайлардан улам Жогорку сот 27-августта бул иш боюнча бардык инстанциялардын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароону райондук сотко жөнөткөн.

Саясатчылар үй камагына чыккандан кийинки алгачкы сот отуруму 12-сентябрда болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Алар бул айыптарды мойнуна албай, ошол кездеги бийликтин куугунтугу деп сыпаттап келишет.

Copyright © 2017 Maral FM