Биз менен байланышыңыз

Атайбек Бөдөшов: Адамды музыка менен кайра «жаратып» же жок кылып койсо болот

Марал шоу | 1 Окт 2019 | 1516 | 0

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, атактуу обончу Атайбек Бөдөшев «Марал-шоу» программабызга конокко келип, кызыктуу маек куруп берип кетти. Ошол маектин үзүндүсүн сиздерге сунуштайбыз.  

Марал: – Учурда «Жакшы обондор чыкпай калды» деген кептер байма-бай айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Дегеле, кийинки эстрада тууралуу оюңуз кандай?

Атайбек Бөдөшев: — Музыка — өтө коркунучтуу курал. Ал ичкилик менен нашаадан да жаман. Адамды музыка менен кайра «жаратып», же тескерисинче, музыка менен эле жок кылып койсо болот. Ага дары берип, же ар кандай сабак өтүп кереги жок. Франциянын бир чоң окумуштуусу айткан экен: «Музыка – атом энергиясындай: аны туура колдонсоң, ырахат аласың; туура эмес колдонсоң, бомба аласың», — деп. Анын сыңары, Батыштын терс музыкасы булардын жан дүйнөсүн талкалап коюп атат.

Кебим кур болбосун, бир эле мисал келтире кетейин, Япониянын бир шаарында 7-класстын балдарын топтоп, 10 миң герцтеги «даңкылдак» музыканы коюп, эки саат бийлеткен экен. Бий бүткөндөн кийин катышкан балдардын баары травма алып, мээ кайык болуп калышкан. Өздөрүнүн ким экенин, кайдан келгенин, кайда барарын, буга чейин эмне иш кылып жүрүшкөнүн унуткан деңгээлге жеткен. Кыскасы, жанагы музыка мээсин «тазалап» салган. Анан окумуштуулар изилдеп отуруп, рок музыка адамга терс энергияны көбүрөөк берерин аныктап чыгышкан.

Эми жогорудагы сурооңо келсем, азыркы жаштар Батыштын ырын көбүрөөк ээрчип кетишти. Улуттук музыканы, классиканы жээрип, көп укпай койгондун кесепети жакшы обондун жаралбай калышына алып келүүдө. Жакшы обон жаратайын десе, кулагына жанагы мен айткан рок жаңырып туруп алат. Себеби, бүт тулкусуна сиңип калган да.

Таяктын эки учу бар: бул жагы – классика; бул жагы – рок. Ошол рок музыканы азайтыш керек. Аны деле угуш керек, таптакыр жокко чыгарып салганга болбойт, бирок берилип кетпөө зарыл. «Андан көрө улуттук классиканы көбүрөөк ук», — дейт элем. Себеби, классика жакшы энергияны жыйнап берет. Терс энергиянын баарын сүрүп чыгарат. Жалаң эле рок уга берсең, бүт денеге терс энергия жыйналып калат. Агрессияга алдырып, жаман иштерге барып жаткандары да ошондон улам.

Молдокелер: «Музыка укпа, ал – арам, ал – күнөө», — деп атпайбы. Ал тургай, клубдардын жанына мечиттерин салып алышып, эл келсе киргизбей, чатак чыгарып атышат. Молдокелер бир эле жагын угуп алган. Жанагы рок музыканын кишини жок кыла турган жактары бар. Ал Африканын худу деген сыйкырынан алынган. Ритмдердин баары ошол сыйкырдан иштелип чыккан. Азыр анысы менен бүт дүйнөнү талкалап атышат. Бул жагын карап отуруп, «Молдокелердин айтканы да туурабы?» – деген ойго келесиң. А бирок, классикалык, улуттук музыка андай терс жолго үндөбөйт. Андыктан, улуттук музыкадан көбүрөөк таасир алышын каалайт элем.

Copyright © 2017 Maral FM