Биз менен байланышыңыз

Эртең Текебаев менен Чотоновдун иши каралат

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 470 | 0

Эртең, 1-октябрда саат 9.00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда үй камагына чыгарылган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо улантылат.

12-сентябрда болгон соттук отурумда күбөлөр келбей калганына байланыштуу сот иши 1-октябрга калтырылган болчу.

Эске салсак, 29-августта Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарган болчу.

21-августта Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  каралып, буга чейинки өкүмдөр жокко чыгарылып, соттун чечимине ылайык, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберилген.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолушкан.

Copyright © 2017 Maral FM