Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун швед котормочусу Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 496 | 0

Бүгүн, 30-сентябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында швед жазуучусу жана котормочусу Ларс Эрик Блумквисттин чыгармачылык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Ларс Эрик Блумквисттен сырткары, Швециянын Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камилл, коомдук ишмер Роза Айтматова, Швеция элчилигинин Кыргызстандагы ардактуу консулу Нурлан Мамыров жана котормочунун жубайы катышты.

Жолугушууда Ларс Эрик Блумквист 1980-жылдары Кыргызстанга иш сапар менен келгенин, анда улуу жазуучу Чынгыз Айтматов менен жолугуп сүйлөшкөнүн, ошондон тартып жакшы таанышка айланганын баяндап, залкар жазуучунун чыгармаларын швед тилине которгонун жана алдыда дагы башка чыгармаларын которуунун үстүндө иштеп жатканын маалымдады.

Жолугушуунун соңунда котормочу Улуттук китепканага Чынгыз Айтматовдун швед тилинде жарык көргөн бир нече китебин белекке берди.

Белгилей кетсек, швед котормочусу Ларс Эрик Блумквист Чыңгыз Айтматовдун «Гүлсарат», «Ак кеме», «Жамиля», «Бетме бет», «Кылым карытар бир күн» чыгармаларын которгон.

Copyright © 2017 Maral FM