Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия королунун жан сакчысы өлтүрүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 439 | 0

Сауд Аравия королунун жеке жан сакчысы генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхем Жидда шаарында атышуудан каза болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда жан сакчы Мамду аттуу досунун үйүнө мейманга барган. Сый тамак учурунда Мамду жаңжал чыгарып, келген меймандарды окко туткан. Күтүүсүз окко кабылган жан сакчы ооруканага жетпей каза болгон. Ошондой эле дагы 2 адам оор жаракат алган.

Ал эми кылмышкер полицияга колго түшүп берүүдөн баш тартып, атышууга барган. Аягында полициянын огунан каза тапкан.

Абдул-Азиз аль-Фагхем азыркы эле падышанын эмес, мурунку падышанын да ишенимдүү жан сакчысы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM