Биз менен байланышыңыз

Министр Чыңгыз Айдарбеков АКШда жашаган мекендештерге жолукту

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 874 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жасаган сапарынын алкагында АКШда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Эркин баарлашуу форматында өткөн жолугушууда негизинен кош жарандуулук, АКШга кирүү боюнча Кыргызстандын жарандарына виза талаптарын жеңилдетүү, АКШда билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.

Министр чет жактардагы мекендештердин укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалар тууралуу маалыматтарды айтты.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый тамак жана Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM