Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда жүк ташуучу кеме өрттөндү, ичинде мигранттар болгон

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 441 | 0

Бүгүн таңга жуук Түштүк Кореяда мунай-газ салынган жүк ташуучу кемеде жарылуу катталды. Өрт күч алган кемеде 25 адам болгон. Бул тууралуу Ренхап агенттиги жазды.

РИА Новостинин малыматына караганда, кемеде Орусия жана Филиппин жарандары болгон. Учурда алардын баары эвакуацияланды. Жүргүнчүлөр ар кандай жаракат алышкан, бирөөсү өтө оор абалда экендигин айтышууда.

Азырынча жарылуунун себеби аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM