Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2019 | 523 | 0

Ооганстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу news.un.org сайты билдирди. Өлкө боюнча 5373 шайлоо участкасы ачылган. Мамлекеттик эң жогорку кызмат орунга адегенде 18 киши талапкер болуп, кийин анын бешөө ат салышуудан баш тарткан.

Мамлекет башчы болом дегендерди арасында учурдагы президент Ашраф Гани жана Өкмөт башчы Абдулла Абдулла бар. Президенттик шайлоодо өлкө боюнча 70 миңден ашык аскер кызматкери коопсуздукту көзөмөлгө алат.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш шайлоо тынчтык жагдайда өтөт деп үмүттөнөрүн билдирген.

Ооганстандын бардык саясий күчтөрү өз милдеттерин аткарып, тынч, таза, ачык-айкын жана инклюзивдүү шайлоо процессин колдошу зарыл. Шайлоо убагында зордук-зомбулукка, коркутуп-үркүтүүгө же жыйынтыкты бурмалоого жол берилбеши керек”, — дейт баш катчы.

Буга чейин, шайлоого үгүт учурда, президент сүйлөп жаткан кезде алдыдагы шайлоого нааразычылыгын билдирип “Талибан” радикалдык кыймылы тарабынан жардыруулар орун алган.

Алар муну менен 28-сентябрда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүгө каршы экенин билдиришкен. Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Шайлоонун бюджети 149 миллионду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM