Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өлкөнүн тышкы карызын төлөө боюнча тынчсызданууга негиз жок

Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 1486 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн тышкы карызын төлөө боюнча кабатырланууга негиз жок деп белгиледи. Бул тууралуу премьер-министр ушу тапта өлкөнүн келерки жылга каралган бюджетин талкуулап жаткан Өкмөттүн жыйынында айтты.

«Быйылкы бюджетте тышкы карызды туруктуу жана натыйжалуу тейлей турган так ченемдер киргизилген», — деди Абылгазиев.

Анын айтымында, тышкы карызды төлөө боюнча коомчулукта тынчсыздануу бар. Өкмөт башчы буга негиз жок экенин айтат. Акыркы жылдары ички дүң өнүмгө карата карыздын деңгээли азайып жатканы даана байкалып жатат.

«Мурда сырттан келген гранттар жана насыялар ички булактардын жоктугунан улам белгилүү бир зарылчылыктарды жабууга да жумшала берген. Азыркы күндө бюджетте тышкы карызды тейлей турган так ченемдер киргизилген. ИДПга карата өлкөнүн тышкы карызы акыркы жылдары азайып жатат. 2018-жылы ал 48 пайызды түзгөн болсо, 2019-жылдын аягына карата 46,5 пайызды түзүүдө. Ал эми 2020-жылы ал 43,5 пайызга түшөрү болжолдонууда. Бул тышкы карыздын көзгө көрүнөрлүк азайып жатканынын көрсөткүчү», — деп сөзүн жыйынтыктайт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетели, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Copyright © 2017 Maral FM